Улуттук банк эсептик ченди 12 пайызга чейин жогорулатты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 23-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка 12,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2026-жылдын 24-февралынан тартып күчүнө кирет.
Тышкы экономикалык чөйрөдө абал бир калыпта болбостон, мурдагыдай эле белгисиздик жагдайы жогору бойдон сакталып калууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда товарлардын негизги түрлөрүнө баалардын өсүш арымынын акырындык менен басаңдашы байкалууда, бирок Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляция жогору бойдон сакталууда. Калктын керектөө куржунунда импорттун үлүшү басымдуу болгондуктан, тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөр, мурдагыдай эле ички бааларга таасирин улантууда. Мындан аркы баа динамикасынын келечеги көбүнчө глобалдуу берүүлөр байланышынын жана соода агымдарынын туруктуулугуна жараша болот, ал эми геосаясий абалдын курчушуна, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын фрагментациясына байланыштуу, алар үчүн тобокелдиктер сакталып калууда. Мындай шарттар Кыргыз Республикасында баа туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, акча-кредит саясатын жүргүзүүгө кылдат мамиле кылууну талап кылат.
Кыргыз Республикасында инфляция 2026-жылдын башталышынан 13-февралга карата абал боюнча 1,8 пайызды түзгөн (жылдык мааниде – 9,6 пайыз). Баа динамикасы, негизинен, керектөө куржунунун негизги компоненттери боюнча динамика бир калыпта сакталбаган шартта, күтүлгөн траекториянын алкагында түптөлүүдө. Айрым продуктуларга баалардын турукташуусу эсебинен азык-түлүк товарларына баалардын өсүш арымы басаңдаган. Муну менен бирге эле, тышкы шарттардын экинчилик таасири сыяктуу эле, суроо-талаптын ички факторлорунун күчөшүнүн натыйжасында, кызмат көрсөтүүлөр жана азык-түлүктөн башка товарлар секторунда баа динамикасы жогору бойдон сакталып турууда.
Кыргыз Республикасынын экономикасында жогорку өсүш арымы сакталууда. 2026-жылдын январь айында өлкөнүн реалдуу ИДӨсү 9,0 пайызга өскөн. Экономикалык жигердүүлүк, мурдагыдай эле кызмат көрсөтүүлөр жана курулуш секторунда белгиленген. Негизги капиталга инвестициялар жогору деңгээлде сакталып турууда, бул инфраструктуралык долбоорлордун кеңейишине түрткү берет. Ал эми калктын реалдуу кирешесинин өсүшү жана керектөө кредиттеринин көбөйүшү ички суроо-талапка өбөлгө түзөт. Жалпысынан, бул факторлор кошумча проинфляциялык импульсту жаратат.
Акча-кредит шарттары улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо аркылуу баа туруктуулугун орто мөөнөттүү мезгилде 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүчтүн чегинде камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт. Банктар аралык акча рыногу туруктуу иш алып барып, BIR чени Улуттук банктын пайыздык чегинин төмөнкү чегине жакын түптөлгөн, бул банк системасында үстөк ликвиддүүлүк орун алган шартта, акча рыногунун кыска мөөнөттүү ресурстарына карата суроо-талап менен сунуштун катышын чагылдырып турат. Ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда. Валюталык интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн текшилөө максатында гана жүргүзүлөт.
Банк сектору туруктуулукту көрсөтүүдө. Мында, банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2025-жылы 46,2 пайызга 865,9 млрд сомго чейин өскөн, бул банк системасына болгон ишенимди көрсөтүп, калктын акча топтоо аракетинин күчөшүн чагылдырууда. Коммерциялык банктардын кредит портфели 2025-жылы 48,8 пайызга көбөйүп, экономиканын реалдуу секторунун жигердүүлүгүн чагылдыруу менен 507,0 млрд сомду2 түзгөн.
Инфляциянын орто мөөнөттүү траекториясы тышкы жана ички шарттардын тең салмактуулугу менен аныкталат. Экономикада инфляцияга түрткү берүүчү факторлордун пайда болушунун, анын ичинде оң фискалдык импульстун кеңейишинин, ИДӨдөгү ажырымдын көбөйүшүнүн жана керектөө суроо-талабынын өсүшүнүн натыйжасында, бүгүнкү күндө инфляциянын басаңдашы үчүн туруктуу шарттарды түзүү максатында акча-кредит шарттарын катуулатуу зарыл. Буга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмү 12,00 пайызга чейин жогорулатылды.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүгө кылдат мамиле жасап, инфляциянын түптөлгөн ички жана тышкы факторлоруна баа берүүнү улантат. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 27-апрелинде өтөт.
