Суу ресурстары министрлиги 11,6 млн сомго эспарцет үрөндөрүн сатып алды
26 июнь

Суу ресурстары министрлиги 11,6 млн сомго эспарцет үрөндөрүн сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 11 612 172 сомго 86 658 кг эспарцеттин үрөндөрүн сатып алды.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, үрөндөр кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында “Карина-Агро” айыл чарба кооперативинен контракттын негизинде сатып алынган.

Учурда министрликтин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти тараптан  эспарцеттин үрөндөрүнүн сапатын текшерүү үчүн үлгүлөр анализге алынды.