Европа Биримдиги Россияга каршы жаңы санкциялар пакетин даярдоодо
Европа Биримдиги Россияга каршы жаңы санкциялар пакетин даярдоодо. Бул пакет 2022-жылдан берки эң ири санкциялар топтому болушу мүмкүн. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас билдирди.
Анын айтымында, жаңы чектөөлөрдү ушул күздө сунуштоо пландалууда.
«Алар кабыл алынгандан кийин санкция салынган россиялык субъекттердин жалпы саны дароо үчтөн бирине көбөйөт», — деди Каллас.
Ошол эле учурда ал жаңы пакетке кайсы конкреттүү чаралар кирери жана анын так качан кабыл алынары тууралуу маалымат берген жок.
Евробиримдиктин 21-санкциялар пакети 23-июлда бекитилген. Андагы чектөөлөр россиялык банктарга, «көмүскө флот» деп аталган кемелерге, криптовалюта платформаларына, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга карата киргизилген.
Июль айынын аягында Брюссель Россия менен байланыштуу деп эсептелген 1,6 миңден ашуун компанияга каршы да чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы маалымдалган.
Кая Каллас санкциялык басым мындан ары да күчөтүлүшү керектигин белгиледи. Ал эми Москва санкцияларды бир нече жолу мыйзамсыз деп атап, Россия мындай чектөөлөргө ыңгайлашканын жана жаңы чараларга жооп кайтарарын билдирип келет.
