Бакыт Төрөбаев: «Заманбап атайын техникаларды алуу – бул суу чарба системасын модернизациялоодогу маанилүү кадам»
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында суу чарбасынын муктаждыктары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган атайын техникалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 108-р 15.03.2023-ж.к. буйругун аткаруу үчүн Чүй Башкы суу чарба башкармалыгына ХМ-150 үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү үч жер снаряд, ошондой эле атайын багыттагы техникаларды ташуучу тралдын эки бирдиги келип түшкөн.
Берилген үч жер снаряддын:
- 1 бирдик – Москва райондук суу чарба башкармалыгына;
- 1 бирдик – Жайыл райондук суу чарба башкармалыгына;
- 1 бирдик Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын базасында калат.
«Заманбап атайын техникаларды алуу – бул суу чарба системасын модернизациялоодогу маанилүү кадам. Жер снаряддардын жардамы менен биз сугат каналдарын тез арада тазалап, калыбына келтире алабыз, бул биздин дыйкандарыбызды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда жана алардын түшүмү мол болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Биз мындан ары да өлкөнүн агрардык сектору туруктуу жана натыйжалуу өнүгүшү үчүн техникалык базаны бекемдейбиз», – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
