КР Соода-өнөр жай палатасы ТРИТОР компаниясынын инвестициялык долбоорун талкуулады
Соода-өнөр жай палатасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Ардактуу консулдугунун, ошондой эле Италиянын ТРИТОР компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө катуу тиричилик жана медициналык калдыктарды кайра иштетүү боюнча жогорку технологиялык чечимдерди киргизүү демилгеси көтөрүлүп, андан ары алынган энергияны жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо максатында пайдалануу мүмкүнчүлүгү айтылды.
Пилоттук долбоор сунушталып, анын алкагында шаардык ооруканалардын бирине медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү жабдууларды орнотуу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашыруу санитардык коопсуздук стандарттарын гана жакшыртпастан, ошондой эле медицина тармагында калдыктарды туруктуу башкарууга карай маанилүү кадам болуп калат.
Мындан тышкары, делегация Токмок жана Кара-Балта шаарларын таштандыларды кайра иштетүү системаларын модернизациялоого жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга багытталган масштабдуу экологиялык долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы катары карайт.
