Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жактырылды
26 июнь

Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жактырылды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-июндагы жыйында «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды. 

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды (ЭЭЗ) түзүүнү жана жоюуну укуктук жактан жөнгө салууну жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык ЭЭЗ өзүнчө мыйзамдын негизинде эмес, Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлө тургандыгы боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Аталган түзөтүүлөрдүн негизги максаты – ЭЭЗ түзүү, колдонуу мөөнөтүн узартуу, чек араларын өзгөртүү жана жоюу боюнча ыйгарым укуктарды Министрлер кабинетине өткөрүп берүү менен ЭЭЗ түзүү жана жөнгө салуу процессин ыңгайлаштыруу. Бул чечимдерди кабыл алуу процессин тездетүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.