«Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты
Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков.
Жыйында баяндама жасаган Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков белгилегендей, учурда автомобиль жолдорун куруу чөйрөсүндө баа саясатын жана баа түзүү ыкмасын, анын ичинде жаңы технологияларды киргизүүнү жөнгө салган мыйзамдардагы кемчиликтерге байланыштуу бир катар көйгөйлөр бар.
Буга байланыштуу мыйзам долбоору менен жаңы технологияларды киргизүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү; жумуштардын рыноктук наркына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө негизделген курулуш жана долбоорлоо процесстерин айкалыштырууда алдын ала сметалык наркты эсептөө ыкмасын бекитүү; тиешелүү мамлекеттик же ведомстволук экспертизадан өткөн ДСДнын долбоордук чечимдери жана сметалык наркы Министрлер кабинетинин чечими боюнча гана кайра каралышы (же кайра эсептелиши) мүмкүн экендигин мыйзамдуу түрдө бекитүү; «Эксперименттик долбоор – автожолдорду оңдоодо, курууда жана реконструкциялоодо жаңы технологияны, жаңы материалды же жаңы жабдууну колдонуунун сыпаттамасы, анын ичинде завод-даярдоочулардын маалыматтарына жана/же башка өлкөлөрдө мурда ишке ашырылган долбоорлорго негизделген болжолдуу сметалык наркты камтыйт» деген аныктаманы мыйзамдуу түрдө киргизүү сунушталууда.
