Минскте IV Евразия экономикалык форуму башталды
26-июнда Минск эл аралык көргөзмө борборунда “Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: натыйжалар жана перспективалар” башкы темасынын алкагында IV Евразиялык экономикалык форум ачылды.
Форум ЕАЭБ мамлекет башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына туш келди.
Ачылыш аземине Беларустун премьер-министри, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы Александр Турчин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты. Экөө тең катышуучуларга куттуктоо сөздөрүн айтышып, форумдун ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшүн каалашты.
«Форум жыл сайын Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн бизнеси менен бийликтеринин ортосундагы диалогдун маанилүү эл аралык аянтчасы катары ролун бекемдөөдө», - деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
