Кыргызстандык ишкерлер Ташкенттеги көргөзмөгө катышты
29 апрель

Кыргызстандык ишкерлер Ташкенттеги көргөзмөгө катышты

Жалал-Абад облусунун Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен кыргызстандык ишкерлер Ташкент шаарында өткөн кыргыз продукциясынын көргөзмөсүнө катышышты.

Иш-чара FOOD CITY аянтчасында өтүп, жергиликтүү ишкерлер үчүн продукцияларын таанытуу жана жаңы рынокко чыгуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп берди.

Көргөзмөнүн алкагында сегиз кыргыз компаниясынын өкүлдөрү өз продукцияларын сунуштап, Ташкент шаарына кургак жемиштерди жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту.

Мындай иш-чаралар соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.