Курулуштагы коррупциялык схема: 1 кулпу – 3 миң сом
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Ысык-Көлдөгү Шайыбек ата айыл өкмөтүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ачыкка чыгарды.
Ал аталган айыл өкмөтү коррупциялык схемаларды дагы деле колдонуп жатышы мүмкүн деген шектенүүсүн билдирди.
“Мен ал жакка барып келдим. Көптөгөн курулуш иштеринде сметадагы баалар көтөрүлүп жазылганын байкадым. Мисалы, мурунку Чоң-Сары-Ой айылындагы Таш-Канал деп аталган каналдын курулушун дагы бир жолу карап коюу керек. Анткени, сметада курулуш иштерине кеткен чыгым 9,5 миллион сом деп турат, бирок ошончо суммага ылайык иш жасалганы билинбейт”, – деди депутат.
Ошондой эле, аталган айыл өкмөтүнүн 3 айылы жарыктандырылганын, бирок үчөөндө тең баалар көбөйтүлүп көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
“Баетов айылындагы мектепте 400 сомдон турган кулпунун баасын 3 миң сом деп жазышкан. Мына, ушул жана башка нерселер тууралуу видео чыгарам, бул жактан 3 мүнөттө баарын айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Анан да ошол коррупциялык схемаларды ачык айтып чыккан адамдардын артынан аңдуу коюп, жогору жакта иштегендер коркутуп жатыптыр. Мен аларга айтып коеюн: андай заман өткөн, мындай ишиңерди токтоткула”, – деди Көкүлов.
