Ашхабадда Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү
Ушул жылдын 25-апрелинде, Кыргызстанда туризм сезону ачылуу алдында тургандыгына байланыштуу, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги Түркмөнстандын Маданият министрлигинин Туризм башкармалыгы менен биргеликте түркмөн туристтик индустриясынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Бул иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстанды Түркмөнстанда туристтик багыт катары илгерилетүү жана анын туристтик потенциалын жайылтуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө туризм жаатында иш алып барган 66 ишкананын өкүлдөрүнө Кыргызстандын облустары боюнча туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентация көрсөтүлдү.
Ошондой эле, Кыргызстанда жыл бою ишке ашырылуучу туризмдин мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде кышкы жана жайкы активдүү эс алуу, спорттук жана медициналык туризмди өнүктүрүү потенциалы өзгөчө белгиленди.
Жолугушууга катышкандар Кыргыз Республикасында өтө турган туристтик иш-чаралар тууралуу маалымат алышты, тактап айтканда: 2025-жылдын 3-майында Чолпон-Ата шаарында өтө турган «Туризм 2030: Борбор Азия — бирдиктүү туристтик мейкиндик» форумуна жана 2025-жылдын 3–4-июнунда Ош шаарында өтө турган 2-Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеге «Салам Ош – 2025» катышууга чакырылды.
Ошондой эле визалык режимдеги жаңылыктар, анын ичинде электрондук виза жана жаңы «Сапар виза» (J тиби) жөнүндө маалымат берилди.
Бул иш-чарага түркмөн туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен катар Түркмөнстандын Маданият министрлигинин Туризм башкармалыгынын жетекчи орун басары Г. Бакыева жана Түркмөнстандын Мамлекеттик маданият институтунун Туризм факультетинин окутуучулары катышышты.
Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Айрыкча туристтик адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу жана түркмөн туристтик компаниялар үчүн Кыргызстанга таанышуу сапарын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү кызыгуу жаратты.