КР Соода-өнөр жай палатасы менен НИАРС кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
29 апрель

КР Соода-өнөр жай палатасы менен НИАРС кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана "Аккредитация, рейтинг жана сертификация боюнча көз карандысыз институт" коомдук фондунун директору Бибигүл Кошоева кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Максат — билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана Кыргызстандын ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу.

Тараптар биргелешип билим берүү программаларын жана сертификаттоочу тесттерди иштеп чыгуу, семинарларды өткөрүү жана эксперт-иш берүүчүлөрдү тартуу боюнча макулдашты.

Ошондой эле, палата билим берүүнүн сапатын баалоого көмөктөшүп, рейтингдик изилдөөлөргө катышмакчы.