Депутат салык төлөмдөрү инфляциянын эсебинен өсүп жатат деп эсептейт
Депутат Дастан Бекешев инфляциядан улам өлкөдө салык чогултуулар өсүп жатат деп эсептейт. Ал бул тууралуу бүгүн бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, аталган комитет «Калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин салыктык жүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.
«Салык кызматында салык төлөмдөрү инфляциядан улам өсүп жатат деген суроо жаралган жокпу? Мисалы, бүгүн бир нан 10 сом турса, эртең ал 15 сом болот, ага ылайык салык да көбөйөт», – деди депутат.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдин айтымында, салык чогултууларынын өсүшүнүн бир фактору сөзсүз түрдө инфляция болот.
Ал эми экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов: «Салык төлөмдөрүнүн өсүшүнө өлкөдөгү ишкерлердин көбөйүшү таасирин берет. Эгерде мурда бизде 51 миң ишкер катталган болсо, азыр 147 миң ишкер бар. Анын үстүнө алар көмүскөдөн чыгып, ачык иштеп башташты», – деди.
