Кыргызстан менен Россия эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талуулашты
29 апрель

Кыргызстан менен Россия эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талуулашты

КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында «INNOPROM. Central Asia» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн өрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде соода-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Бул контекстте тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуунун жаңы келечектүү багыттарын белгилешти.