Өлкөдө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар
26 март

Өлкөдө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

Республика боюнча бүгүнкү күндө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. 

Республиканын аймактарында жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп түзөө жана ремонтоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр.

Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 87% түздү. Республика боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 123 трактордун ичинен 19 022 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 86%, соколордун 87%, үрөн сепкичтердин 87%, малалардын 89%, жер семирткич чачкычтардын 90%, арык казгычтардын 85%, жер тегиздегичтердин 88%, трактор чиркегичтеринин 87% даяр.

Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө.