
Энергетика министрлиги менен «FAS Energy» компаниясы кызматташат
Жолугушуунун алкагында тараптар өлкө аралык энергетика тармагындагы кызматташуу, Кыргызстандын энергетикалык потенциялы, долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, заманбап технологиялырды колдонууда тажрыйба алмашуу боюнча талкуу жүргүзүштү.
Мындан тышкары КРнын энергетика министри Т.Ибраев жана FAS Energy компаниясынын Башкы директору Турки Альхокайр мырза мындан аркы кызматташууну тереңдетүү максатында Меморандумуна кол коюшту.
Аталган Меморандумдун негизги максаты үйлөрдүн, мамлекеттик ишканалар жайгашкан имараттардын чатырларына күн панелдерин орнотууга багытталган.
Иш-чарага КРнын энергетика министри Т.Ибраев, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов, «FAS Energy» компаниясынын Башкы директору Турки Альхокайр жана эки тараптын тийиштүү кызматкерлери катышты.