Екатеринбургдагы башкы консулу “PitON” компаниясынын Кыргызстандын рыногуна чыгуу планын талкуулады
25 июнь

Екатеринбургдагы башкы консулу “PitON” компаниясынын Кыргызстандын рыногуна чыгуу планын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу М.Тентимишов менен “PitON” компаниялар тобунун жетекчилиги – Башкы директор О.Гусев жана Аткаруучу директор М.Маликованын ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

ашкы консулдун апрель айындагы “PitON” ишканасына болгон иш сапарынын жыйынтыгында тараптар компаниянын Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгуусу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты. Тактап айтканда, компания курулуш компаниялары, куруучулар жана шаардык инфраструктуранын өкүлдөрү менен түз байланыштарды түзүү үчүн 2025-жылдын август айынын экинчи жарымында Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу ниетин тастыктады.

“PitON” компаниясынын жетекчилиги өлкөнүн ири шаарларынын, биринчи кезекте Бишкек жана Ош шаарларынын өнүгүү динамикасын изилдөөгө кызыкдар экенин, ошондой эле өндүрүштүк жарыктандыруу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо системалары жана шиналар боюнча чечимдерди локалдаштырууга кызыкдар экенин билдирди.

Башкы консул Кыргыз Республикасындагы негизги инфраструктуралык долбоорлор, анын ичинде шаарларды өнүктүрүүнү кеңейтүү, эл аралык аэропортторду модернизациялоо, курулуш секторунун келечеги тууралуу айтып берди. Ошондой эле компаниянын жетекчилигин өлкөдөгү туризм жана рекреациялык кластердик тармак катары Ысык-Көл облусуна барууга чакырды.

Тараптар Екатеринбургда өтүүчү ИННОПРОМ-2025 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында жумушчу диалогду улантууну макулдашты. “PitON” компаниясынын өкүлдөрү консулдуктун делегациясын компаниянын көргөзмөдөгү стенди менен таанышууга жана потенциалдуу өнөктөштөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө чакырышты.