«Токтогул» жана «Үч-Коргон» ГЭСнин бирден гидроагрегаттары реконструкцияга берилет
18 февраль

«Токтогул» жана «Үч-Коргон» ГЭСнин бирден гидроагрегаттары реконструкцияга берилет

Энергетика министрлиги 2025-жылга коюлган планга ылайык энергетика тармагындагы эскирген жабдууларды жаңылоо, кубаттуулукту көтөрүү максатында келишимдин негизинде «Электр станциялар» ААКга караштуу Токтогул ГЭСнин төртүнчү жана «Үч-Коргон» ГЭСнин экинчи  гидроагрегаттарын реконструкцияга (оңдоп-түзөөгө) берүү иштерин баштоо алдында турат.

2025-жылдын 20-февралынан тарта «Токтогул» ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун алкагында төртүнчү гидроагрегатты алмаштыруу иштери башталат. Келишимдин негизинде реконструкция жана жаңылоо долбоорун Францинын «GE Hydro» компаниясы ишке ашырат.

Реконструкция иштери аяктагандан кийин «Токтогул»  ГЭСнин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. ТГЭСтин бардык 4 гидроагрегатын алмаштыруу менен реконструкция долбоору толугу менен аяктап, 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 1440 МВт түзөт.  Кошумча 240 МВТ кубаттуулук кошулат.

Ал эми 2025-жылдын 1-мартында «Үч-Коргон» ГЭСнин экинчи ГАсы реконструкцияга берилет.

Келишимге ылайык, «Үч-Коргон» ГЭСинин экинчи гидроагрегатын реконструкция жана жаңылоо долбоорун «CNEEC» (China National Electric Engineering) компаниясы ишке ашырат.

ГЭСтин  гидроагрегатынын кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 МВтка көбөйөт.

Эске салсак, «Үч-Коргон» ГЭСинде кубаттуулугу 45 МВт болгон 4 гидроагрегат жайгашкан. 2024-жылы №4-гидроагрегат реконструкциядан өтүп кубаттуулугун 16 МВтка жогорулады.  Азыркы учурда ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 189 МВтты түзөт. Эскилиги жеткен гидроагрегаттар 1962-жылы ГЭС курулгандан бери бир да жолу реконструкциялоодон өткөн эмес.

ГЭСтердин гидроагрегаттары реконструкцияга берилсе,  «Токтогул»  ГЭСинен 300 МВт, ал эми «Үч-Коргон» ГЭСинен 45 МВт  болгон кубаттуулук кыскарат. Реконсрукциялоо иштерин 2025-жылдын декабрь айларына аяктоо пландалууда. 

Энергетика министрилиги - күз-кыш мезгилинен ийгилийтүү өтүү максатында, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана иштен чыгарылган гидроагрегаттардын кубаттуулугунун ордун толуктоо зарылдыгын эске алуу менен, алдын-ала альтернативдүү вариант катары, коңшу өлкөлөр  менен  электр энергиясын импорттоо маселеси тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүдү.

Ал эми, Энергетика министрлиги аталган гидроагрегаттар реконструкциялоо үчүн иштен чыгарылгандыгына байланыштуу, калктан электр энергиясын үнөмдүү колдонууну өтүнөт.