Жогорку Кеңеш банк жана интернет чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы аракеттенүүгө байланышкан токтом долбоорун жактырды
Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Банктык жана интернет чөйрөсүндөгү алдамчылык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом долбоору каралып, кабыл алынды.
Токтом долбоорунун демилгечиси, депутат Медербек Алиев акыркы убактарда банк тармагындагы кылмыштардын жаңы түрлөрү кеңири жайылып, андан жүз миңдеген жарандар олуттуу зыян тартканын белгиледи. Ал ошондой эле аталган токтом долбоорунун негизинде Министрлер кабинетине жана Улуттук банкка бир катар тапшырмалар берилип жатканын билдирди.
Атап айтсак, банктык чөйрөдөгү жаңы кылмыштарды жоюу жана күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгуу; кылмыштар боюнча системалуу талдоо жүргүзүү; кылмыштарды жасаган жактардын жоопкерчилигин күчөтүү; уюштуруучулук жана укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү (алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу); мыйзам ченемдерин жана техникалык стандарттарды жакшыртуу аркылуу жарандардын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу сунушталууда.
