Кыргызстан менен Малайзия стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Негизги жыйынтык катары Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы келечектеги өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган биргелешкен билдирүүгө кол коюлганын белгилесе болот.
Кол коюлган жана алмашылган документтердин арасында — Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бар. Бул документке кыргыз тараптан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев кол койду.
Бул макулдашуулар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташтыгын жана экономикалык байланышын кеңейтүүгө бекем негиз түзөт.
