Кыргызстанда 1-июлдан тарта салыктарды QR-код аркылуу төлөөгө болот
25 июнь

Кыргызстанда 1-июлдан тарта салыктарды QR-код аркылуу төлөөгө болот

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-июлунан тартып салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салык органдары тарабынан администрацияланган салыктык эмес кирешелерди банктын кассалары аркылуу накталай түрдө төлөө төлөм коду же QR-коду менен гана жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Салык төлөөчүлөр төлөм кодун же QR-кодду өз алдынча cabinet.salyk.kg сайтында Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөө» бөлүмүнөн же Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу түзө алышат.

Ошондой эле, төлөм коддорун аймактык салык органындагы "бирдиктүү терезеден" алууга болот.

Бул жаңылануу салык төлөө процессин жөнөкөйлөтүү, бюджетке каражаттарды онлайн режиминде автоматтык түрдө эсепке алуу жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө. Жаңы тартиптин артыкчылыктары:

– төлөнгөн суммаларды бюджетке дароо эсепке алуу;

– банктардын кассаларында реквизиттерди кол менен толтуруу учурундагы каталарды жоюу;

– салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын тездетүү жана жогорулатуу (кезектерди болтурбоо, убакытты үнөмдөө).