
Цюрихте кыргыз делегациясынын катышуусунда бизнес тегерек стол өттү
Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчилиги Switzerland Global Enterprise менен биргеликте 23-июнда Цюрих шаарында бизнес тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чарага швейцариялык компаниялардын 40тан ашык өкүлү, ошондой эле экономика жана коммерция министринин орун басары С.Болотов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө делегациянын жетекчиси С.Болотов, КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.Тургунбаев, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү А.Турдалиева, «Кыргызэлектроника» компаниясы, ошондой эле Швейцариянын Schwihag AG жана SICPA SA компаниялары тарабынан презентациялар тартууланды.
Тегерек стол 9 жылдык тыныгуудан кийин 2025-жылдын 24-июнунда Берн шаарында өткөн кыргыз-швейцариялык биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынына карата уюштурулду.