ЖК: Дыйкандар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн ай сайын эмес, жылына төлөө сунушталууда
25 июнь

ЖК: Дыйкандар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн ай сайын эмес, жылына төлөө сунушталууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев фермер чарбалары үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн көбөйтүүнү карап көрүүнү сунуштады.

Бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын айтымында, Кыргызстан агрардык өлкө болуп эсептелинет, анда 1 миллион гектар жер айыл чарба багытында, ал эми дыйкандардын өлкө ИДПсына кошкон салымы 14 пайызды түзөт.

«Бирок мамлекет камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйнабай туруп, дыйкандарга татыктуу пенсия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Камсыздандыруу төлөмдөрү пенсиянын негизги бөлүгү болуп эсептелинет», – дейт депутат.

Буга чейин 2024-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча, дыйкан чарбалар айлык акысынын 6 пайызын камсыздандыруу төлөмүнө төлөп келишкен, бул айына 1 400 сомго айланса, жылына 16,8 миң сомду түзөт.

Депутат бул сумма көпчүлүк фермер чарбалары үчүн оор келээрин билдирди. Анын үстүнө, депутаттын айтымында, ай сайын камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө туруктуу кирешеси жок дыйкандарга ашыкча түйшүк жараткан.

«Аларды бюджет тармагындагы кызматкерлерге теңөө туура эмес. Жеңилдетилген кредиттер дагы алар кетирген чыгымды толук жаба албайт. Андан сырткары мыйзамдагы өзгөртүүлөр көпчүлүк фермерлерди камсыздандыруу төлөмүн төлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан, анткени милдеттүү тариф бир гектар жана бир гектардан ашуун жер тилкеси барларга тиешелүү. Бул саясат калктын ортосундагы ажырымды көбөйтөт. Эске алуучу жагдай, көпчүлүк фермерлер өз каалоосу менен төлөм төгүшпөйт, анткени айыл чарба багытындагы жерди иштетүүдөн түшкөн киреше кайра эле күнүмдүк тиричилигине кетип калат», – деди депутат.

Кыдыкбаев белгилегендей, учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору аталган маселелерди чечүүгө жардам берет. Анткени, анда ставкалардын ар бири өзүнчө көрсөтүлгөн жана ай эмес, жылына төлөөгө болот.

Мисалы, 0,5 гектарга жетпеген жери барлар 2025-жылдан тартып 2041-жылга чейин 1500 сомдон 5 000 сомго чейин төлөшөт.

0,5 гектардан 1 гектарга чейин жери барлар: 2025-жылдан 2041-жылга чейин 2500 сомдон 6500 сомго чейин төлөшөт.

1 гектардан ашуун жери барлар: 2025-жылдан 2040-жылга чейин 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин төлөшөт.

Ал эми алар төлөгөн сумма төмөнкүдөй жол менен бөлүштүрүлөт:

  • Пенсиялык фондго – 50 пайызы.
  • Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондуна – 30 пайызы.
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 20 пайызы.