Кепилдик фонд аймактардагы экспорттук бизнести 1,1 миллиард сомго колдоого алды
25 июнь

Кепилдик фонд аймактардагы экспорттук бизнести 1,1 миллиард сомго колдоого алды

«Кепилдик фонд» ААКсы экспорт жана импортту алмаштыруу чөйрөсүндө иш алып барган ишкердик субъекттерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерди активдүү колдоону улантууда.

Экспортко багытталган ишканаларга каржылоону тартууга, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы рынокторду ишенимдүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү артыкчылыктуу кепилдик колдоо көрсөтүлөт.

2025-жылдын 17-июнуна карата «ГФ» АККсынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы:

  • Аймактардагы экспортко багытталган ишканаларга берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 1,1 миллиард сомду түздү.
  • Кепилдик колдоонун аркасында ишкерлер 3,9 млрд сомдон ашык кредиттик ресурстарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кепилдиктердин региондор боюнча бөлүштүрүлүшү:

1️. Талас облусу – 393,3 млн сом кепилдиктер → 1,3 млрд сомдон ашык кредиттер;

2️. Чүй облусу — 375,1 млн сомдон ашык кепилдиктер → 1,4 млрд сомдон ашык кредиттер;

3️. Ош облусу — 191,2 млн сом кепилдиктер → 590,6 млн сомго жакын кредиттер;

4️. Жалал-Абад облусу — 97,9 млн сом кепилдиктер → 332 млн сом кредиттер;

5️. Ысык-Көл облусу — 43,8 млн сом кепилдиктер → 170,4 млн сом кредиттер;

6️. Баткен облусу — 20,1 млн сом кепилдиктер → 55,6 млн сомдон ашык кредиттер;

7️. Нарын облусу — 4,6 млн сом кепилдик → 10,5 млн сом кредиттер.

Кепилдиктер багытталган негизги секторлор:

  • Айыл чарбасы жана кайра иштетүү — 1,02 миллиард сом
  • өнөр жайы — 451,8 миллион сом
  • Транспорт, туризм, кызмат көрсөтүү жана соода — 170,2 миллион сомдон ашык

Кепилдик колдоо боюнча кененирээк маалыматты +996 (556) 62 53 79, +996 (554) 17 71 05, +996 (312) 62 53 79 телефондору аркылуу ала аласыз.