
Темир Сариев ЕЭКтин юбилейлик медалы менен сыйланды
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана ЕАЭБке мүчө беш өлкөнүн президенттеринин чечими менен Соода-онор жай палатасынын президенти Темир Сариев евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн юбилейлик медаль менен сыйланды. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошуп, ишкердик чөйрөсүн коргоо боюнча активдүү иш жүргүзүп келет.
"Темир Сариев ар дайым ЕАЭБ ичинде келишимдердин жана эрежелердин аткарылышы боюнча маселелер көтөрүлгөндө, кыргыз ишкерлеринин кызыкчылыктарын коргоодо активдүү позицияны карманып келет", - деп айтылат маалыматта.