Президент ишкерге шарт койду: бир жыл ичинде завод курбаса, кен чыгаруучу жайды мамлекет кайра алат
12 октябрь

Президент ишкерге шарт койду: бир жыл ичинде завод курбаса, кен чыгаруучу жайды мамлекет кайра алат

Президент Садыр Жапаровдун Баткен району жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуусунда Ак-Турпак айылынын Ысаков Абдилат аттуу тургуну кайрылып, мамлекеттик органдардагы бюрократия тууралуу айтты.

Ал белгилегендей, 2014-жылдан бери жеке ишкердик кылам деген аракети ишке ашпай келет. Ал шагып казып алуу үчүн лицензияны 2014-жылы алган. 2018-жылга чейин чалгындоо иштерин жүргүзгөн, кыска убакытта бүтчү процедура айыл өкмөтүнүн бут тосуусу менен 4 жылга созулган.

Айтымында, бардык этаптардан басып өтүп, тиешелүү уруксат кагаздарын, экпертиза корутундуларын алгандан кийин Эралиев аттуу айыл өкмөт башчысы 3 жыл токтом чыгарбай сүйрөгөн дагы, аягында ал жерди өзүнүн аялына жана баласына ыйгарып койгон.

“Соттук иштери бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат. 4 жолу Жогорку сот менин пайдама чечим чыгарды. Эми иш баштайын десем, уруксат кагаздардын мөөнөтү өтүп кеткен деп, кайра экспертизага жөнөтүштү, тиешелүү кагаздардын баарын кайра алдым. Эми болсо экологиялык экспертизага келип токтоп калдым. Бардык мамлекеттик органдар макулдугун берип, Суу чарба башкармалыгы гана бербей койду, анткени анда баягы Эралиев деген иштеп жатат”, – деди тургун.

Президент андан кенди алгандан кийинки аракети тууралуу сурады эле, тургун пескоблок чыгаруучу завод куруп, кеминде 40-50 адамды иш менен камсыз кылуу ниети бардыгын билдирди.

“Кимиңер болсоңор да эсиңерде болсун, бардык документтерди топтоп, “шустрыйлык” кылып кенге ээ болуп алгандар бар. Андан кийин иштеткенге акчасы жок инвестор иштеп баштайт: мынчасы сага, мынча үлүшү мага деген шарт менен. А бул тургун завод курам деп жатат, пайдалуу иш жасайм жесе бергиле да. Бут тосуу болуп жатат деп атат. Тастыктоочу документтери болсо эмнеге бут тососуңар, бюрократияны токтоткула!” – деди президент.

Ал ошондой эле ишкер тургунга кайрылды:

“Мен сизге ал кенди бердиртем. Бирок бир жыл мөөнөт да беребиз. Бир жылдын ичинде айткан заводдорду салып ишти алып кетсеңиз, элге, мамлекетке пайдалуу иш жасасаңыз уланта бересиз. Жок, кенди алып, дарыялан даяр шагылды чыгарып, сатып жыргап жата берем десеңиз кайра алып коебуз”, – деди Садыр Жапаров.