Кыргызстан виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулукту жана көзөмөлдү күчөтүүдө
7 сентябрь

Кыргызстан виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулукту жана көзөмөлдү күчөтүүдө

Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков виртуалдык активдер чөйрөсүнүн учурдагы абалы, каржылык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана криптоиндустрияны өнүктүрүүнүн мындан аркы келечеги тууралуу баяндама жасады.

Акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстандагы виртуалдык активдер чөйрөсү калыптануу баскычынан өтүп, динамикалуу өнүгүү этабына кирди. Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — өлкөнүн каржы-экономикалык тутумун мүмкүн болуучу тобокелдиктерден, анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр тарабынан экинчи санкциялардын колдонулуу тобокелдиктеринен ишенимдүү коргоо менен бирге криптоиндустриянын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу.

Жыйында белгиленгендей, 2022-жылдан тартып чет өлкөлүк жөнгө салуучу органдардын көңүлү үчүнчү өлкөлөр аркылуу жүргүзүлгөн операцияларга улам көбүрөөк бурулууда. Салттуу банк секторунда көзөмөлдүн күчөтүлүшүнүн фонунда трансчек аралык эсептешүүлөрдүн бир бөлүгү санариптик чөйрөгө өтүп жатат. Буга байланыштуу Кыргызстандын криптовалюталык инфраструктурасы өзгөчө көңүл бурулган чөйрөгө айланды.

Учурда АКШнын, Европа бирлигинин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмелеринде 25тен ашык ата мекендик компания жана жеке жак бар. Алардын катарында мурда лицензия алган виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчү үч субъект, ошондой эле бир катар коммерциялык банктар жана соода уюмдары бар.

Ошол эле учурда объективдүү транзакциялык маалыматтар Кыргызстандын виртуалдык активдер инфраструктурасы санкциялык чектөөлөрдү кыйгап өтүүнүн системалуу каналы болуп саналат деген пикирлерди ырастабайт.

Ачык булактар боюнча чалгындоо борборунун (The Open Source Centre) изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын юрисдикциясы аркылуу жүргүзүлгөн санариптик активдерди колдонуу менен байланышкан транзакциялардын үлүшү Россия Федерациясынын каржылык операцияларынын жалпы көлөмүнүн 0,3%ынан азын түзөт.

Мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү

Учурдагы тобокелдиктерди системалуу түрдө азайтуу жана рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында көзөмөлдөөчү орган тарабынан криптокомплаенс боюнча аналитикалык платформа ишке киргизилди. Ал виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иши үчүн инфраструктуралык чечим болуп саналат жана мамлекеттик көзөмөлдүн бирдиктүү санариптик тутумун түзөт.

Платформа төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • корголгон мамлекеттик маалымат базаларын пайдалануу менен кардарларды, ошондой эле бенефициардык ээлерди милдеттүү түрдө аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо;

  • транзакциялардын жана криптокапчыктардын даректеринин мыйзамсыз ишмердикке жана кылмыштуу жол менен алынган каражаттарга мүмкүн болгон байланышын аныктоо үчүн алдын алуучу AML/KYT-мониторинг жүргүзүү;

  • транзакциялык маалыматтарды жөнгө салуучу органга — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына өткөрүп берүү.

Аналитикалык мониторингдин заманбап инструменттерин колдонуу виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдү жана жөнгө салууну, анын ичинде мүмкүн болуучу санкциялык жана башка жөнгө салуучу тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо багытындагы иштерди олуттуу күчөтүүгө мүмкүндүк берди.

Аналитикалык мониторингдин жана андан кийинки текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча лицензиялык талаптарды сактабаган жана белгиленген жол-жоболорду талаптагыдай аткарбаган учурлар аныкталды.

Виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчү айрым субъекттерге, анын ичинде соода оператору — криптобиржа болгон «ТенгриКоин» ЖАКка жана алмашуу оператору болгон «Гринекс» ЖЧКга карата мыйзамдарда каралган чаралар лицензияларынын колдонулушун токтотууга чейин көрүлдү.

Мындан тышкары, макроэкономикалык тобокелдиктерди азайтуу жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «USDKG» стейблкоин долбооруна байланыштуу жоюу жол-жоболорун баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Учурда эмитент — «ЭВА» ААКты жоюу процесси башталды. Ал мыйзамдардын талаптарына ылайык жана активдердин ээлеринин жана контрагенттердин алдындагы бардык милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөө менен жүргүзүлүүдө.

Каржылык көзөмөлдү күчөтүү

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында санкциялык тобокелдиги жогору операцияларга көзөмөл күчөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, кароого алынган 44 компания жүргүзгөн трансчек аралык төлөмдөр санкциялык тобокелдиги жогору операциялардын катарына киргизилген.

Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу иш жүргүзгөн 130дан ашык компанияны тейлөөнү токтотуу жана алардын эсептерин жабуу жөнүндө чечим кабыл алышты.

Ведомстволор аралык талдоонун жыйынтыгы боюнча санкциялык режимдерди кыйгап өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерге жол бербөө максатында 19 компаниянын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Учурда компетенттүү мамлекеттик органдар ишмердиги санкциялык тобокелдиктердин жогорулашы менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон 50гө жакын юридикалык жакка карата тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда текшерүү жүргүзүлүп жатканынын өзү эле мыйзам бузуу аныкталганын билдирбейт. Ар бир жагдай конкреттүү фактылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнчө каралат.

Эл аралык өз ара аракеттенүү

Кыргыз Республикасы эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ, Европа бирлиги жана Улуу Британия менен ачык жана конструктивдүү диалогду улантууда, суралган материалдарды берип, мүмкүн болуучу санкциялык тобокелдиктерди текшерүүдө.

Экинчи санкциялардын колдонулуу тобокелдиктерин биргелешип баалоо жана өз убагында азайтуу үчүн Европа бирлиги менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу техникалык жумушчу топ түзүлдү.

Кыргызстан өзүнүн юрисдикциясын, каржы тутумун, ата мекендик компанияларды жана виртуалдык активдер рыногун эл аралык чектөөлөрдү кыйгап өтүү үчүн пайдаланууга жол бербейт. Ошол эле учурда мамлекет ак ниет бизнестин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана негизсиз чектөөлөргө жол бербөө зарылдыгын жетекчиликке алат.

Негизги артыкчылыктар

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Тышкы иштер министрлиги жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен биргеликте төмөнкү үч негизги багыт боюнча ишти улантат:

  1. мыйзамдуу жогорку технологиялык бизнестин ишмердиги үчүн ачык-айкын жана түшүнүктүү шарттарды түзүү;

  2. улуттук мыйзамдардын жана каржылык коопсуздук талаптарынын сакталышына ишенимдүү көзөмөл жүргүзүү;

  3. Кыргыз Республикасынын каржы инфраструктурасын экинчи санкциялардын колдонулуу тобокелдиктеринен коргоону камсыз кылуу.

Көзөмөлдүн күчөтүлүшү инновациялар үчүн тоскоолдуктарды түзүүгө багытталган эмес. Көрүлүп жаткан чаралар эл аралык өнөктөштөрдүн Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына болгон ишенимин жана инвесторлордун ата мекендик рынокко болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Мындай мамиле мамлекеттин каржылык эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге Кыргызстанга санариптик экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууга шарт түзөт.