VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда майыптыгы бар 100дөн ашуун жаранга жардам көрсөтүлдү
Эмгек министрлиги
7 сентябрь

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда майыптыгы бар 100дөн ашуун жаранга жардам көрсөтүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн мезгилде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар жарандарга консультациялык жана транспорттук колдоо көрсөттү.

Иш-чаралардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана майыптыгы бар жарандарды коштоп жүрүүгө калкты социалдык жактан коргоо системасынын 100гө жакын кызматкери тартылды. Адистер оюндар өтүп жаткан аймактарда багыт алууга көмөктөшүп, катышуучуларды жана конокторду коштоп, зарыл болгон кеңештерди беришти.

Жарандардын жүрүп-туруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Эмгек министрлиги майыптык арабасын колдонгон жарандарды транспорттук коштоо үчүн МСЭКтин 10 автоунаасын бөлүп берди. Алардын жардамы менен жарандар «Газпром» спорттук комплексинин аймагындагы иш-чаралар өтүүчү жерлерге жеткирилип турду.

Жалпысынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн мезгилде атайын транспорт кызматынан майыптыгы бар 115 жаран пайдаланды. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары менен катар чет өлкөлөрдөн келген коноктор да болду.

Мындан тышкары, Оюндар өтүп жаткан күндөрү атайын уюштурулган ишеним телефону иштеди. Ага ар кандай консультациялык маселелер боюнча 1,3 миңге жакын кайрылуу келип түштү. Адистер жеткиликтүү инфраструктура боюнча маалымат берип, иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда багыт алууга көмөктөшүп, зарыл болгон консультациялык жардам көрсөтүштү.

Ошентип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары масштабдуу эл аралык спорттук иш-чара гана болбостон, жеткиликтүүлүк принциптерине жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган аянтча болуп калды.