«75чилердин каты» иши боюнча прокурор бардык айыпталуучуларга тогуз жылдан берүүнү сурады
Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 7-сентябрда коомчулукта «75чилердин каты» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча апелляциялык даттанууларды кароо уланды.
Түштөн кийинки убакта сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү. Соттук жарышта прокурорлор иштин бардык фигуранттарына тогуз жылдан эркинен ажыратуу жазасын берүүнү сурашты. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу билдирди.
Буга чейин Бишкек шаардык соту жактоочулардын кайрадан психологиялык жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Жактоочу Арстанбек Ногоевдин айтымында, коргоо тарабы буга чейин жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундуларына макул эмес. Анын белгилешинче, айрым учурларда эксперттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен.
Ошондой эле сотто күбөлөр кайрадан суракка алынды. Жактоочунун маалыматына караганда, алардын айрымдары тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн айырмаланган көрсөтмөлөрдү беришкен.
Мындан тышкары, анын айтымында, күбөлөр бийликти күч менен басып алуу тууралуу сөз болгонун четке кагышкан.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аталган иш боюнча өкүм чыгарган. Сот айыпталуучуларды бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген берене боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирине төрт жылдан эркинен ажыратуу жазасын жана үч жылдык пробациялык көзөмөл белгилеген. Алар эркиндикте калышкан.
Биринчи инстанциядагы сотто да мамлекеттик айыптоо тарап соттолуучулардын ар бирине тогуз жылдан эркинен ажыратуу жазасын берүүнү сураган.
Соттук жарыш сөз аяктагандан кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилет. Андан соң апелляциялык даттануу боюнча чечим чыгарылышы күтүлүүдө.
