Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Зимбабве Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттү
7 сентябрь

Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Зимбабве Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттү

2026-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Зимбабве Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин ортосунда саясий консультациялар болуп өттү.

Саясий консультацияларда кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов, ал эми Зимбабве делегациясын Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин Туруктуу катчысы Альберт Р. Чимбинди жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-зимбабве мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, саясий диалогду мындан ары чыңдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарына, геология, туризм жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө тажрыйба алмашууга, ошондой эле эки өлкө тең 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болуп шайлангандыгына байланыштуу аталган Кеңештин алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар саясий диалогду улантууга жана консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө, ошондой эле кыргыз-зимбабве мамилелерин өнүктүрүүгө жаңы дем берүү максатында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.