Кыргызстанда беш жылда өзгөчө кырдаалдардан 1 764 адам каза болгон
Маалымат-аныктамага ылайык, 2021-2025-жылдары Кыргызстанда 283 өзгөчө кырдаал катталган. Анын кесепетинен 1764 адам каза болуп, материалдык чыгым 8,2 млрд сомдон ашкан.
2024-жылы селдин кесепетинен 22 адам каза болсо, 2026-жылдын башынан бери дагы сегиз адам көз жумган.
2023-2024-жылдары кар көчкүдөн 16 адам каза болгон.
Сууга чөгүп каза болгондордун саны 2023-жылы 103 адамды, 2024-жылы 86 адамды, 2025-жылы 81 адамды түзгөн. 2026-жылдын алгачкы алты айында дагы 48 адам сууга чөгүп каза болгону катталган.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бирдиктүү эрежелер куткаруу иштерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, куткаруучулар менен ыктыярчылар үчүн тобокелдиктерди азайтууга жана өзгөчө кырдаал болгон аймакта макулдашылбаган аракеттерге жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
