Лилия Макина: улуттук спорттун түрлөрү элдин маданий мурасын сактоого өбөлгө түзөт
«Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында Башкортостан Республикасынын Дене тарбия институтунун профессору Лилия Макина Башкортстанда улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү жана алардын маданий салттарды сактоодогу ролуна арналган баяндама жасады.
Башкортостанда улуттук спорттун беш түрү активдүү өнүктүрүлүп, алар менен 50 миңге жакын адам үзгүлтүксүз машыгат. Алардын ичинен күрөштүн «күрөш» түрү өзгөчө орунду ээлеп, аймактын материалдык эмес маданий мурасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Баяндамада салттуу мелдештерди жана тарыхый материалдарды изилдөөнүн негизинде калыптанган башкырдын көп түрдүү «Байге» мелдешинин кайра жандандырылышы тууралуу да айтылды. 2021-жылдан бери бул мелдештер жыл сайын өткөрүлүп келет. Улуттук спорттун түрлөрүн жайылтууга жыл сайын 12–13 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчуну бириктирген «Башкорт аты» эл аралык фестивалы да олуттуу салым кошууда.
Изилдөөнүн жыйынтыгында жаштардын улуттук спорттун түрлөрүнө болгон кызыгуусу жогору экени белгиленди. Студенттердин 60 пайызга жакыны жана мектеп окуучуларынын дээрлик 70 пайызы улуттук мелдештерге үзгүлтүксүз катышат.
Изилдөөчүнүн пикиринде, мындай спорттук дисциплиналарды өнүктүрүү дене тарбия активдүүлүгүн жогорулатууга, маданий мурасты сактоого жана муундар ортосундагы улантуучулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
