Алтынбек Рысбеков Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен энергетика тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Француз Республикасынын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев, Франциянын Улуттук жыйынынын депутаттары, Француз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле «Франция – Борбордук Азия» достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-француз энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында энергетика секторундагы кыргыз-француз кызматташтыгынын келечектүү багыттарын мындан ары да биргеле
