Кыргыз Республикасынын делегациясы энергетика жана мамлекеттик карыз маселелери боюнча Манила диалогуна катышты
2026-жылдын 31-августунан 4-сентябрына чейин Филиппин Республикасынын Манила шаарында энергетика жана мамлекеттик карыздын өз ара байланышы маселелерине арналган Манила диалогу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын делегациялары, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ), эл аралык уюмдардын, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Диалогдун жүрүшүндө энергетика тармагын башкаруу жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү, фискалдык туруктуулукту камсыз кылуу, келишимдик мамилелердин ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле энергетика тармагынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев менен Азия өнүктүрүү банкынын Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия, ошондой эле Тынч океан аймагы боюнча вице-президенти Скотт Морристин жолугушуусу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн аталган иш-чарага катышуусу энергетика тармагындагы эл аралык тажрыйба менен таанышууга, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын мындан ары өнүктүрүү жана анын туруктуулугун камсыз кылуу багытында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.
