Сатып, акчасын бөлүп алышкан. Таласта мал уурулукка шектелгендер кармалды
Талас ОИИБ
7 сентябрь

Сатып, акчасын бөлүп алышкан. Таласта мал уурулукка шектелгендер кармалды

Талас районунда мал уурулукка шектелип эки жаран кармалды. 

Облустук милициядан кабарлашкандай, 2026-жылдын 4-сентябрында милицияга Талас шаарынын 1976-жылы туулган К.И., аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Ал өз арызында 2026-жылдын 14-августунан 15-августуна караган түнү өзүнө таандык болгон Талас районунундагы мал сарайынан эки баш уйун белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталаган факты Талас РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү Талас шаарынын 1995-ж.т. тургуну М.Н. 2026-жылдын 14-августунан 15-августуна караган түнү өзүнүн тааныш баласы Талас шаарынын 1996-ж.т тургуну У.А. менен Талас районунун Ак-Дөбө конушунда жайгашкан К.И.ге таандык болгон мал сарайынан эки баш уйду уурдап, Айтматов районундагы мал базарда 200 миң сомго сатып, акчасын бөлүп алышканы аныкталган.

Бул факты боюнча 2026-жылдын 4-сентябрь күнү Талас РИИБдин тергөө кызматы тарбынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинини 205-1-беренесинин ("Мал уурдоо") негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү М.Н. жана У.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алардын баш коргоо чарасы Талас райондук соту тарабынан каралып, үй камагына чыгаруу тандалып алынган.