Медербек Туманов Кыргызстандын Ченнай шаарындагы ардактуу консулу менен жолугушту
7 сентябрь

Медербек Туманов Кыргызстандын Ченнай шаарындагы ардактуу консулу менен жолугушту

2026-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Индия Республикасынын Ченнай шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу, доктор Пракаш Рао менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Туманов экономиканы индустриялаштырууга, өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын кеңейтүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди.

Тараптар соода, инвестиция, өнөр жай, билим берүү жана фармацевтика тармактарындагы эки тараптуу кыргыз-индия кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты. Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын келечектүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.