Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Казакстандын айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча отуруму өттү
24 июнь

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Казакстандын айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча отуруму өттү

Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын биргелешкен жумушчу тобунун II отуруму болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Самат Насирдинов жана Казакстан Республикасынын Айыл чарба вице-министри Баглан екбауовдун төрагалыгы алдында өттү.

Отурумдун күн тартиби кеңири болуп, үч негизги маселени камтыды:

  • 2024-жылдын 3-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин II жыйынынын Протоколунун аткарылышы;
  • 2024–2025-жылдарга карата айыл чарба продукцияларынын өз ара жеткирүүлөрүн көбөйтүү боюнча Жол картасынын ишке ашырылышы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакытбек Эгембердиевич Торобаевдин 2025-жылдын 25-апрелинде Астана шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыктары.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди:

  • 2025-жылдын күздүндө Астана шаарында кыргыз продукциясын жана улуттук бренддерди жайылтуу максатында жарманке өткөрүү;
  • «KazTrade» менен Кыргыз агрохолдингинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу;
  • айыл чарбасына инновациялык технологияларды киргизүү боюнча практикалык иш-чаралардын Планын бекитүү;
  • соодадагы тоскоолдуктарды алдын алуу механизмдерин талкуулоо жана тез бузулуучу айыл чарба продукциясы үчүн “жашыл коридорду” уюштуруу.

Отурум конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, эки тараптын айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон бекем эркин дагы бир ирет ырастап берди.