Кемин районундагы ирригациялык обьекттердин абалы текшерилди
9 май

Кемин районундагы ирригациялык обьекттердин абалы текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин районундагы бир катар ирригациялык объекттерге жана айыл чарба участокторуна барып, вегетациялык сугаттын учурдагы абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Нурлан Жумаев аймакты суу менен камсыздоодо маанилүү роль ойногон Чүй жана Чоң-Кемин дарыяларынын кошулган жерин көрүп чыкты. 502 га сугат жерди тейлеген "Жылтыр" насостук станциясынын иши менен таанышты.

Андан ары 4000 га аянтты сугарууну камсыз кылган "Самотек" каналына барды. Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын кеңсесин көрүп, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун мисалы катары ОЧК-1 каналындагы кичи ГЭСти көрүп чыгып, Чыгыш чоң Чүй каналындагы башкы курулмасына барды.

Ошондой эле, 38 гектар аянттагы тамчылатып сугаруу системасы киргизилген жүзүмзардын участогу менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө активдүү вегетация мезгилинин алдында суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча сунуштар берилди, ошондой эле суу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ирригациялык инфраструктуранын бөлүгүн модернизациялоо зарылдыгы белгиленди.

Жумаев аталган райондогу дыйкандарга бөлүштүрүп берилген сугат суунун көлөмүн текшерди. Тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.