Нарын облусунда жыл аягына чейин 10 кайра иштетүүчү ишкана ачылат
24 июнь

Нарын облусунда жыл аягына чейин 10 кайра иштетүүчү ишкана ачылат

2025-жылга экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү жаңы  пландаштырылган 63 объекттердин ичинен 10 ишкана Нарын облусундагы пландалган ишканалар болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен: 

  • 2 соода-логистикалык борбор,
  • 2 сафлор майын сыгуучу цехи,
  • 3 жүндү кайра иштетүү цехи,
  • 1 минералдык суу чыгаруучу завод,
  • 1 сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана,
  • 1 канаттуулардын этин кайра иштетүүчү эл аралык деңгээлдеги ишкана болуп саналат.

Бул ишканалар ишке киргенде 400дөй адам туруктуу иш менен камсыз болушат. 

Ошондой эле буга чейин Нарын облусунда айыл чарба багытында Кочкор районунун Ормон-Хан айылында 13 га жерде комплекстүү соода-логистикалык борбор мал базар 283 контейнер 120 жайма базар ачылган.  Ал жүздөгөн жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылды.