Үч-Коргон ГЭСинде №3 агрегаттын статору орнотулду
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, 2025-жылдын 23-июнунда «Электр станциялар» ААКна караштуу Үч-Коргон гидроэлектростанциясында реконструкциянын эң жооптуу этаптарынын бири — 132 тонна салмактагы №3 гидроагрегаттын жаңы статордун шахтага орнотулушу ийгиликтүү аяктады.
Монтаж иштери 250 тонна көтөрө алган көпүрө кранынын жардамы менен аткарылды. Статорду чогултуу 2025-жылдын март айында башталып, ташуу алдында толук бүткөрүлгөн.
Статорду ийгиликтүү орнотуу менен биз №3 гидроагрегатты жаңылоонун соңку фазасына өтүп жатабыз. Анын ишке берилиши 2025-жылдын ноябрь айына пландалган.
№3 гидроагрегатты модернизациялоонун жыйынтыгында анын кубаттуулугу 9 мегаваттка жогорулап, станциянын жалпы өндүрүмдүүлүгү жана өлкөнүн түштүк аймагын электр энергиясы менен камсыздоодогу ишенимдүүлүгү артат.
Аталган ГЭСтин гидроагрегатын реконструкциялоо иштери “Электр станциялар” ААК менен Кытайдын China National Electric Engineering Company (CNEEC) компаниясынын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылып жатат.
1962-жылы пайдаланууга берилген Үч-Коргон ГЭСи өз тарыхында биринчи жолу кеңири масштабдагы этап-этабы менен капиталдык реконструкциядан өтүп жатат:
- 2024-жыл — №4 гидроагрегаттын модернизациясы бүткөрүлдү
- 2025-жыл — №3 гидроагрегат боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат (аяктоо — ноябрь)
- 2026-жыл — №1 жана №2 агрегаттарды параллелдүү түрдө жаңылоо пландалууда.
Модернизация толук аяктагандан кийин станциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 189 МВттан 216 МВтка чейин көбөйөт.
