Энергетика министри Орто-Токой ГЭСинин курулушу менен таанышты
24 июнь

Энергетика министри Орто-Токой ГЭСинин курулушу менен таанышты

Энергетика министри Таалай Ибраев 20-июнда Балыкчы шаарынын жанында курулуп жаткан Орто-Токой ГЭСинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, курулуштун 60 пайызы аяктады. Бүгүнкү күндө иштер бекитилген графикке ылайык жүрүүдө, төмөнкү иштер аткарылды:

• Курулуш объектилерине убактылуу жана туруктуу жолдор курулду;

• Куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, бетон аралаштыруучу түйүндөр, компенсациялык блоктор жана электр камсыздоо объектилери толук аяктады;

• Узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннели казылды;

• Алуучу каналдын задвижкалары жеткирилип, орнотулду;

• Ар бир гидроагрегат үчүн бирден болуп, үч соордургуч түтүктүн конустары орнотулду.

Учурда жүргүзүлүп жаткан иштер:

• Оперативдик башкаруу бөлмөсү, монтаж бөлмөсү жана 10 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштү арматуралоо жана калып иштер жүргүзүлүүдө;

• Туннелдин темир тосмолору орнотулууда;

• 110/10 кВ көмөк чордонун куруу боюнча бардык уруксат кагаздары алынган, курулушка даярдык көрүлүүдө;

• 110 кВ аба чубалгылары боюнча Балыкчы шаарынын мэриясы менен жер тилкесин бөлүү маселеси макулдашылууда.

Министр Т. Ибраев иштердин графикке ылайык жүрүшүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого – айрыкча жүк көтөрүүчү техникаларды колдонууда – өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.


Маалымат үчүн:

2024-жылдын 29-июнунда Орто-Токой ГЭСтин курулушунун расмий башталышын белгилеген капсула салуу аземи өткөн. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт. Бүгүнкү күнгө карата, долбоор ишке ашырыла баштаганына 1 жыл болду. Жалпы курулуш иштери болжол менен 60 %га аткарылды, Курулушту бүтүрүү мөөнөтү – 24 ай.

Орто-Токой ГЭСи ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.

Курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.