Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 11,7 пайызга төмөндөдү
Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрүнө караганда, Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-апрель айларында 4,6 млрд АКШ долларын түздү.
Аталган көрсөткүч 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөдү.
Мында экспорттук жеткирүүлөр 8,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 12,3 пайызга азайды.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-апрель айларында 1 472,7 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул мезгилде Россияга (67,6 пайыз) жана Казакстанга (30,2 пайыз) туура келди.
