Жалал-Абад облусунда күн электр энергиясын өндүрүү маселеси талкууланды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 23-июнда аймакта күн электр энергиясын өндүрүүнү жолго коюу багытында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жыйынга Токтогул, Ала-Бука, Аксы, Тогуз-Торо району, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын аким жана мэрлери, бул багытта иш алып барган GRK Solar Energy компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Тилек Текебаев электр энергиясын өндүрүүнүн альтернативдик жолдорун жолго коюу учурдун талабы экенин айтып, мында күндүн кубатынан электр энергиясын алуу жана күн панелдерин пайдаланып, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Өкүл, жыйында буга чейин жергиликтүү бийликтер тарабынан даярдалган долбоорлорду көрүп чыгып, алардын ар бир жагдайын кылдат иликтөө зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн GRK Solar Energy компаниясы жана башка инвесторлорго сунуштоо, жер аянттарын ажыратууда мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.
