
Кыргызстанда калктын жумушсуздук деңгээлинин төмөндөшү байкалууда
Кыргызстанда калктын жумушсуздук деңгээлинин төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Улутстатком тарабынан 2023-жылы өткөрүлгөн үй-чарбаларынын бюджеттеринин жана жумушчу күчтөрүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары тастыктап турат.
Изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 2023-жылы 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллиондон ашык адамды түздү, алардын ичинен 2,6 миллиондон ашыгы иш менен камсыз болгон жана 112 миңи жумушсуздар.
Мында 2022-жылга салыштырмалуу 15 жана андан улуу жаш курактагы иш менен камсыз болгон калктын саны 3 пайызга көбөйдү, ошол эле убакытта жумушсуздардын саны 15 пайызга азайды.
Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны (1,6 млн.) иш менен камсыз болгон аялдардын санынан (1,0 млн.) ашты.
2023-жылы калктын иш менен камсыз болуу деңгээли жалпысынан 56 пайызды түздү, 2022-жылга салыштырмалуу 0,8 пайыздык пунктка төмөндөдү.
Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (71 пайыз) аялдарга караганда (42 пайыз) жогору.
Жумушсуздуктун деңгээли 4,1 пайызды түзүп 2022-ж. салыштырмалуу 0,8 пайыздык пунктка төмөндөдү.