Экономика министрлигинин коллегиясы 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-чаралар планын карады
Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин катышуусунда министрликтин коллегиясынын жыйыны болуп өттү.
Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки өнүгүү улуттук программасын ишке ашыруу, ошондой эле министрликтин 2026-жылга карата иш планы жөнүндө баяндама жасады.
Чоро Сейитов өз сөзүндө өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, 2025-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 976,4 млрд сомду түзгөнүн, реалдуу өсүү темпи 111,1%га жеткени (2024-жылы – 111,5%) белгиледи.
Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Өнүктүрүү Улуттук Программасы жөнүндө сөз кылып жатып, Чоро Сейитов жан башына ИДПнын 4 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү деңгээлине жетүү боюнча стратегиялык максатты баса белигелеп айтты.
Министрликтин 2026-жылга карата иш-чаралар планын кененирээк карап чыгуу менен Чоро Сейитов кыскача Экономика жана коммерция министрлигинин негизги артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Индустриялаштыруунун алкагында:
- Индустриялык-технологиялык өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын ишмердүүлүгүн каржылоо булактары аныкталат;
- Чүй облусунун Сокулук районунда электромобиль чыгаруучу заводдун курулушун ишке ашыруу;
- 2030-жылга чейинки өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыгат;
- Индустриялык саясат жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана башкалар;
Регионалдык хабдын вектору боюнча
- Электрондук соода чөйрөсүндөгү чакан жана орто ишканалар үчүн “Экспорттук акселератор” программасын киргизүү, анын ичинде: ЕБ рыногуна чыгуу үчүн тигүү компанияларына акселерациялык колдоо көрсөтүү, ошондой эле БАЭ жана ЕБ рынокторуна чыгуу үчүн мөмө-жемиш (жаңы бышкан жана тоңдурулган) өндүрүүчү компанияларга акселерациялык колдоо көрсөтүү;
- ПЖС + алкагында 3 артыкчылыктуу продуктту, анын ичинде кургатылган жемиштерди жана жаңгактарды, жаңы бышкан жана тоңдурулган мөмө-жемиштерди, кийим-кечелерди, кийиз буюмдарын илгерилетүү үчүн экспорттоочулардын максаттуу тобун түзүү;
- 2030-жылга чейин КР регионалдык хабын өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу жана башкалар.
Туризм багыты боюнча:
- “Мейманкана инфраструктурасы чөйрөсүндө инвестициялык пакетти” (Investment Guide) даярдоо (долбоорлордун каталогу, инвесторлор үчүн шарттар, региондор боюнча жол картасы);
- Улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык жайгаштыруу каражаттарын классификациялоонун этап-этабы менен системасын киргизүү (ыктыярдуу сертификациялоо мүмкүнчүлүгү менен);
- Экотуристтерди жана активдүү саякатчыларды тартуу үчүн глэмпингдерди жана экомейманканаларды түзүү жана иштетүү тартиби жөнүндө ченемдик укуктук акт иштеп чыгуу;
- Туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен тейлөө сапатынын улуттук стандарттарын иштеп чыгуу (UN Tourism, KGSTD) жана башкалар;
Баяндаманын жыйынтыгы боюнча Бакыт Торобаев ИДПнын структурасы, ошондой эле кызмат көрсөтүү жана өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар суроолорду берип, өлкөнүн өнөр жайынын потенциалын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Вице-премьер-министр өлкөнүн өнөр жай объектилерине ревизия жүргүзүп, алардын мамлекеттик колдоосуна болгон муктаждыгын аныктоону тапшырды.
"Улуттук өнөр жайга керектүү колдоо жана жардамды өз убагында көрсөтүү маанилүү", – деп баса белгиледи Торобаев.
Ошондой эле Бакыт Торобаев эл аралык стандарттарга жооп берген дата-борборлорду түзүү маселесин кароону сунуштады.
"Дүйнө жүзү боюнча мындай борборлорго суроо-талап бар. Аны карап чыгып, конкреттүү чечимдерди сунуштагыла", – деди вице-премьер-министр.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бардык сунуштар эске алынып, мындан аркы иштерде кабыл алынарын билдирди.
