Бакыт Төрөбаев: күн ысыкта сууну коромжу кылбаңыз – ар бир тамчы маанилүү!
8 май

Бакыт Төрөбаев: күн ысыкта сууну коромжу кылбаңыз – ар бир тамчы маанилүү!

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев күндүн ысыганына байланыштуу сугат иштерин жүргүзүүдө дыйкан-фермерлерди сууну коромжу кылбай, үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

«Урматтуу дыйкан-фермерлер! Райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилери, мурабдар!

Азыркы аптаптуу күндүн ысыгында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу өзгөчө мааниге ээ болууда.

Суу – биздин эгиндерибизди, жашылчаларыбызды, бак-дарагыбызды, мал-жаныбызды багып жаткан эң баалуу байлыгыбыз. Андыктан, биздин жалпы максатыбыз – сууну туура жана үнөмдүү пайдаланып, натыйжалуу түшүм алууга жетишүү.

Демек, күн ысыкта сууну коромжу кылбаңыз – ар бир тамчы маанилүү!

Учурдагы аптаптуу ысыкта ар бир дыйкан өз участогунда сууну үнөмдөө ыкмаларын колдонсо, суунун тартыштыгы жаралбай, жалпы элибиз жеткиликтүү суу менен камсыз болот.

Ал үчүн сугат иштерин күн ысыган учурда эмес, таңкы же кечки салкында жүргүзгөн бир кыйла  натыйжалуу экенин белгилеп кетким келет. Сугат учурунда жерди сугарып бүтүп калтырып койбостон, мурабга дароо билдирип, кийинки кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Анткени ар бир өсүмдүккө керек болгон көлөмдө гана ченем менен суу бериңиздер. Артыкча сугаруу өсүмдүккө да, топуракка да зыян алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле, суу каналдарынан, арыктардан агып жаткан ашыкча же текке кеткен сууларды бекемдөө, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу, сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.

Биз сиздердин эмгегиңиздерди терең баалайбыз жана суу ресурстарын биргеликте сарамжалдуу пайдаланып, агроөндүрүштү туруктуу өнүктүрүүгө чакырабыз.

Ар бир тамчы суу – түшүмдүн келечеги!Бирге аракет кылсак, суу тартыштыгы болбойт!» – деди.