Кыргызстан менен Бахрейндин Соода-өнөр жай палаталарынын биринчи онлайн жолугушуусу өттү
11 март

Кыргызстан менен Бахрейндин Соода-өнөр жай палаталарынын биринчи онлайн жолугушуусу өттү

2025-жылдын 10-мартында КРнын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Вице-президенти Мамасадык Бакиров менен Бахрейн Падышалыгынын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор Кеңешинин төрагасынын орун басары Мохаммед Аль-Кухейжи ортосунда видеоконференц байланыш форматында биринчи жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосундагы соода, экономика, инвестиция, финансы жана банк секторлорундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.  

Тактап айтканда, М.Бакиров соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоонун, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, эки тараптуу туризмди жана бизнес байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана кыргыз-бахрейн Ишкерлер Кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Элчи Улукбек Марипов жакын арада кыргыз-бахрейн Ишкерлер Кеңешинин курамын түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө кененирээк айтып берди, ушул жылдын жайында Бишкекте өтө турган “Борбор Азия өлкөлөрү менен булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин” ортосундагы экинчи инвестициялык Форуму жөнүндө маалымдады жана Бахрейндин алдыңкы ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен бул Форумда Бахрейн тарап тиешелүү жогорку деңгээлде көрсөтүлөрүнө, анда алар республиканын инвестициялык потенциалы менен кеңири таанышып, В2В жолугушууларды өткөрө аларына үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде, Мохаммед Аль-Кухейжи кыргыз тарапка айтылган сунуштары үчүн ыраазычылыгын билдирип, азык-түлүк коопсуздугу, туризм, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсү ортосунда тыгыз байланыштарды түзүү, өз ара сапарларды уюштуруу жаатында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана кыргыз-бахрейн Ишкерлер Кеңешин түзүү жана анын курамын белгилөө боюнча сунушту колдоду. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар үзгүлтүксүз негизде, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана кыргыз-бахрейн Ишкерлер Кеңешин түзүү тууралуу биргелешкен ишти улантуу боюнча түз байланыштарды сактап турууну макулдашты.