Акыркы эки айда Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 205,5 млрд сомду түздү
11 март

Акыркы эки айда Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 205,5 млрд сомду түздү

2025-жылдын январь-февралында ички дүң продукт алдын ала баалоолор боюнча 205,5 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,7 пайызга өстү.

2025-жылдын январь-февралында өнөр жай продукциясынын көлөмү 104,7 миллиард сомду түздү жана 2024-жылдын январь-февралына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларын (2,3 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекини (1,6 эсеге), фармацевтикалык продукцияны (41,8 пайызга), резина, пластмасса буюмдардын жана курулуш материалдарын (24,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларын (21,4 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (3,2 пайызга), ошондой эле текстиль өндүрүшүндө жана кийим өндүрүшүнүн (1,7 пайызга)   көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 14,7 пайызга жогорулады.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 8,8 пайызды, дүң жана чекене соода – 17,0 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2.1 пайызды түздү.