
“Камбар-Ата-1” ГЭС: 31-августка чейин туннел толугу менен казылып бүтөт
Анын ичинен жолду куруу жана бетондоо, көпүрө куруу, туннелди казуу, 110 кВ аба чубалгысын тартуу жана ПС-110/6 кВ көмөк чордонуна куруу, жумушчулар үчүн убактылуу шаарча куруу иштери тууралуу маалымат алышты.
Министрге тийиштүү жетекчилер 31-августка чейин туннелдин калган бөлүгүн казып бүтүрөрүн билдириши. Энергетика министри ГЭСти куруу ишин өз убагында баштоо үчүн даярдык иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
Маалыматка ылайык бүгүнкү күндө бүткөн жумуштар: КАГЭС-1 участкасына кирүүчү жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Анын ичинен 2,5 чакырым жол бүттү. Туннелдин 113м казылып бүттү. 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, жалпы узундугу 11км ден 6 км зым тартылды. Жалпы 24 мамычадан 12 си орнотулду.