Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баалар өсүп, азык-түлүк эмес товарлар арзандады
2025-жылдын январь-февраль айларында 2024-жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөө баалардын жана тарифтердин өсүшү республика боюнча 1,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, өлкөдө үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында тамак-аш азыктарына, алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жогорулаган. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар тескерисинче төмөндөдү.
«Январь-февраль айларында керектөө баалардын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында азык-түлүк эмес товарларга баалардын жогорулашынын эсебинен максималдуу өсүш 2,8 пайызга Ош облусунда белгиленди. Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 4,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,2 пайызга баалардын максималдуу өсүшү Ош шаарында катталса, калкка кызмат көрсөтүү жаатындагы өсүш 2,2 пайызга Ысык-Көл облусунда белгиленди», – деди Жумалиев.
